> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-өзбек унаа заводу 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке киргизилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/22/kyrghyz-ozbiek-unaa-zavodu-2024-zhyldyn-birinchi-zharym-zhyldyghynda-ishkie-kirghiziliet/
- Published: 2024-01-22T08:50:44.000Z
- Updated: 2024-01-22T08:50:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен унаа чыгаруучу заводу курулуп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.**

Анын айтымында, аталган заводдо быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында алгачкы унаалар чыгарыла баштайт.

> "Азыркы учурда заводду куруу иштери аягына чыгып жатат жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин завод ишке киргизилип, алгачкы унаалардын өндүрүлүшү күтүлүүдө", - деди Амангелдиев.