Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана экономикалык кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн:

·      жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө, коомдун керектөөлөрүн камсыздоого, экономикалык коопсуздукка, айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоого багытталган 2026-жылга чейин КРнын бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди;

·      инвестицияларды тартуу жана ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында 100 даана бизнес долбоорлордун шаблондору иштелип чыкты;

·      кыйла өнүккөн өлкөлөрдүн жарандарына “санариптик көчмөн” статусун берүү үчүн өлкөлөрдүн саны кеңейтилди, ал “санариптик көчмөндөр” («Digital nomad») адамдардын заманбап креативдүү категориясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүгө, республикага маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана креативдүү индустриялар чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерди тартууга мүмкүндүк берет;

·      креативдүү иш менен алектенген ишкерлердин ишмердигинин өзгөчө режимин иштетүү үчүн креативдүү индустриялар паркы ишке киргизилди;

·      Орто-Токой суу сактагычына 35.5 МВт кубаттуулуктагы чакан гидроэлектростанцияны курууга “Чакан ГЭС” ААКсына 21 млн АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик берилди;

·      “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасына продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүгө жана “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасын масштабдуу техникалык модернизациялоого 3.8 млрд рубль өлчөмүндө кепилдик берилген.

·      кубаттуулугу 100 Мвт ашкан “Куланак” ГЭСин курууга “Нарын” өндүрүштүк ишканасы ЖЧКга 88 млн долл суммасында кепилдик берилген.

·      88 млн доллары суммасында кубаттуулугу жылына 1.5 млн тонна цемент болгон “Терек-Таш” ЖЧК цемент заводун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга кепилдик берилген.