Минкаб мындан ары жылды профициттер менен гана жабууну убадалады

Министрлер кабинети мындан ары профициттер менен гана жылды жабат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында. 

Анын айтымында, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болгон. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 13.9 млрд сомду түздү.