> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/22/naryn-oblusuna-2-mlrd-somduk-tuz-inviestitsiia-tartylghan/
- Published: 2024-01-22T10:30:42.000Z
- Updated: 2024-01-22T10:30:41.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, түз инвестициялардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 168 эсеге көп болгон. 

> "Долбоорлорду жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга 3 млрд 694 млн 923,6 миң сомдук жумуштар жасалды. Анын ичинен эл аралык уюмдан 781 млн сом, ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан 2 мрлд 815 млн 718,8 миң сом, жергиликтүү фонддордон 70 млн 902 миң сом", - деди ал.

Ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо максатында жалпы 157 ишкерге 97 млн 564 миң сомго пайызсыз насыялар берилди.