Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган

2023-жылы Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, түз инвестициялардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 168 эсеге көп болгон. 

"Долбоорлорду жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга 3 млрд 694 млн 923,6 миң сомдук жумуштар жасалды. Анын ичинен эл аралык уюмдан 781 млн сом, ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан 2 мрлд 815 млн 718,8 миң сом, жергиликтүү фонддордон 70 млн 902 миң сом", - деди ал.

Ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо максатында жалпы 157 ишкерге 97 млн 564 миң сомго пайызсыз насыялар берилди.