2023-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн натыйжалары 6.2%ды түздү – Экономика министрлиги

2023-жылдын январь-декабрь айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1.2 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 6.2%ды түздү (2022-жылдын январь-декабрь айларында – 109,0%). Бул тууралуу КР экономики жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Министр белгилегендей, 2023-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш жүзүндөгү натыйжалары 6.2%ды түзүп, жогорку деңгээлди көрсөттү.

Мындай жогорку темпте өсүштүн маанилүү шарты болуп, биринчиден, салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган олуттуу иш чаралар саналат.

Кабыл алынган чаралардын негизинде салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган чаралардын натыйжасында кирешелерди чогултууну кыйла жакшыртууга мүмкүн болду, демек 2023-жылдын январь-декабрь айларында салыктык жана бажылык түшүүлөр 296.5 млрд сомду түзүп, анын ичинде дээрлик 185 млрд сому салык кызматы тарабынан, ал эми 111.5 млрд сому бажы төлөмдөрүнөн камсыз кылынды.

Ошондой эле, салык төлөөчүлөрдүн базасы көбөйдү, мисалы салыктык жана бажы түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28.6%га же 65.9 млрд сомго көбөйдү.