> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы Ысык-Көл облусуна 1.3 млн турист келип кеткен
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/23/2023-zhyly-ysyk-kol-oblusuna-1-3-mln-turist-kielip-kietkien/
- Published: 2024-01-23T10:30:39.000Z
- Updated: 2024-01-23T10:30:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Отчеттук мезгилде Ысык-Көл облусуна 1 млн 300 миң эс алуучулар келип эс алышты. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 100 миң эс алуучуга көп болду. Бул туралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров ЖӨБ жыйынында билдирди.**

Облус жетекчисинин айтымында туризм тармагынан түшкөн салыктардын көлөмү өсүп, курорттук-эс алуу жайларынан түшкөн салыктардын көлөмү 311 млн сом акча каражатын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу (247.3 млн сом) өсүү темпи 26%ды түздү.

Туристтерди тейлөө кызматын жакшыртуу максатында 4 рэст-поинттердин курулушу аяктады жана 5 туристтик-сервистик борборлордун курулушу жүрүп жатат.