2023-жылы Ысык-Көл облусуна 1.3 млн турист келип кеткен

Отчеттук мезгилде Ысык-Көл облусуна 1 млн 300 миң эс алуучулар келип эс алышты. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 100 миң эс алуучуга көп болду. Бул туралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров ЖӨБ жыйынында билдирди.

Облус жетекчисинин айтымында туризм тармагынан түшкөн салыктардын көлөмү өсүп, курорттук-эс алуу жайларынан түшкөн салыктардын көлөмү 311 млн сом акча каражатын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу (247.3 млн сом) өсүү темпи 26%ды түздү.

Туристтерди тейлөө кызматын жакшыртуу максатында 4 рэст-поинттердин курулушу аяктады жана 5 туристтик-сервистик борборлордун курулушу жүрүп жатат.