> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы Ысык-Көл облусунда 3.5 млрд салык чогулган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/23/2023-zhyly-ysyk-kol-oblusunda-3-5-mlrd-salyk-choghulghan/
- Published: 2024-01-23T03:20:23.000Z
- Updated: 2024-01-23T03:20:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы Ысык-Көл облусунун жалпы контингенти 3 млрд 630 млн сом салык чогулуп, планга карата 119 млн сомго көп аткарылып, ал эми 2022-жылга салыштырмалуу 1 млрд 27 млн сомго көп түшкөн. Бул туралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйында билдирди.**

Анын айтымында, республикалык бюджет 2 млрд 5 млн сомду түзүп, план 0.3% аткарылды. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 795 млн сомго көп аткарылып, ѳсүү темпи 65.7% түзгөн.

> “Жергиликтүү бюджет 1 млрд 624 млн сом жыйналып, план 7.5% аткарылды же болбосо пландан 113 млн сомго көп жыйналды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 232 млн сомго көп аткарылып, ѳсүү темпи 16,7% камсыз кылынды”, - деп белгиледи Абдыкадыров.