2023-жылы Ысык-Көл облусунда 3.5 млрд салык чогулган

2023-жылы Ысык-Көл облусунун жалпы контингенти 3 млрд 630 млн сом салык чогулуп, планга карата 119 млн сомго көп аткарылып, ал эми 2022-жылга салыштырмалуу 1 млрд 27 млн сомго көп түшкөн. Бул туралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйында билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджет 2 млрд 5 млн сомду түзүп, план 0.3% аткарылды. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 795 млн сомго көп аткарылып, ѳсүү темпи 65.7% түзгөн.

“Жергиликтүү бюджет 1 млрд 624 млн сом жыйналып, план 7.5% аткарылды же болбосо пландан 113 млн сомго көп жыйналды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 232 млн сомго көп аткарылып, ѳсүү темпи 16,7% камсыз кылынды”, - деп белгиледи Абдыкадыров.