Экономика министрлиги инфляцияны 5-7%да кармап турууну көздөйт

Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, инфляция 14%дан 7%га төмөндөдү. 2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7% чейин төмөндөтүүнү улантууну пландалып жатат.