Өкмөттүн жетекчилиги кытайлык CNEEC менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык China National Electric Engineering (CNEEC) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, CNEEC өкүлдөрү экологиялык маселелер жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча негизги министрликтер менен консультацияларды өткөрүштү.