Кыргызстанда алты RestPoint ижарага берилет – шарттар жана даректери

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду РестПоинт (RestPoint) эс алуу үчүн алты туристтик имаратты ижарага берип жатат. Бардык жайлар жаңы, эмеректери жана жабдуулары менен туристтерди тейлөөгө толук даяр. Бул тууралуу фонд расмий баракчасында жарыялады

Маалыматка ылайык, ар бир RestPointтун аянты 94,7 м2. Ижаранын баштапкы баасы – айына 5 миң сом.

Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

·      долбоордун концепциясын сактоо;

·      RestPointтун күнү-түнү иштешин камсыз кылуу;

·      депозитти төлөө (утуштан кийин) – 100 миң сом жана башка.

Объекттердин жайгашкан жери:

Даяр болгон объекттер:

• Кемин шаары, айланма жол (айланма жолго бурулат);

• Жалал-Абад шаары (Ж.Бакиев көчөсүн бойлото, мэриянын жанында);

• Жалал-Абад областы, Кара-Көл шаары (шаарга кире бериште, Канат көчөсүндө жайгашкан).

Жакында даяр болчу объекттер:

• Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы (Жээренбай Ажы көчөсүндө, клубдун жанында);

• Өзгөн шаары, Жалал-Абад облусу (Минаранын жанында);

• Жалал-Абад областы, Барпы айылы (Ош-Бишкек жолунун боюнда).

RestPoint эс алуу жайларын ижарага алуу үчүн арыздар 2024-жылдын 2-февралына чейин d.jumakanov@fundtourism.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Катышуучулар төмөнкү документтерди бериши керек:

• сунуш кылынган ижара акысын көрсөтүп, конкурстук табыштаманы кароо өтүнүчү менен Фондго жазуу жүзүндөгү кайрылуу.

• жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн же патенттин жана идентификациялык документтин сканерден өткөн көчүрмөлөрү (жеке ишкерлер үчүн).

• юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн сканерден өткөн көчүрмөлөрү; ошондой эле башкаруучуну дайындоо жөнүндө устав жана чечим (буйрук) (юридикалык жак үчүн).

• Социалдык фондго жана салык органына карызы жок экендиги тууралуу справкалардын сканерленген көчүрмөлөрү.

Кошумча маалыматты +996 500 631100 (W/A) телефону аркылуу алса болот.