> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 413 млн сомдук 140 долбоорду колдогон
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/23/ysyk-kol-onukturuu-fondu-413-mln-somduk-140-dolboordu-koldoghon/
- Published: 2024-01-23T04:30:52.000Z
- Updated: 2024-01-23T04:30:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2023-жылы 140 долбоор колдоого алынып, 413 млн сом каржыланган. Бул туралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынында билдирди.**

Облус жетекчинин айтымында Ысык-Көл облусу боюнча негизги капиталга инвестициянын 28 млрд 800 млн сому ѳздѳштүрүлүп, 2022-жылга салыштырганда 43.4%га көбөйдү же 9 млрд 200 млн сомго көп өздөштүрүлдү. Анын ичинен 25 млрд 200 млн сом ички инвестиция, 3 млрд 700 млн сом тышкы инвестицияны түзөт.