Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 413 млн сомдук 140 долбоорду колдогон

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2023-жылы 140 долбоор колдоого алынып, 413 млн сом каржыланган. Бул туралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Облус жетекчинин айтымында Ысык-Көл облусу боюнча негизги капиталга инвестициянын 28 млрд 800 млн сому ѳздѳштүрүлүп, 2022-жылга салыштырганда 43.4%га көбөйдү же 9 млрд 200 млн сомго көп өздөштүрүлдү. Анын ичинен 25 млрд 200 млн сом ички инвестиция, 3 млрд 700 млн сом тышкы инвестицияны түзөт.