> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы айлык акыларга бюджеттен 122.2 млрд сом бөлүнгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/24/2023-zhyly-ailyk-akylargha-biudzhiettien-122-2-mlrd-som-bolunghon/
- Published: 2024-01-24T09:45:56.000Z
- Updated: 2024-01-24T09:45:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы айлык акыларга бюджеттен 122.2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, 2020-жылы 61.8 млрд сом бөлүнгөн, 2021-жылы – 65.2 млрд сом, 2022-жылы – 95.3 млрд сом.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

· билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин, штаттык саны 169.8 миң бирдик;

· медициналык кызматкерлерине 150% чейин, штаттык саны 85 миң бирдик;

· маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% тегерегинде, шаттык саны болжол менен 17.3 миң бирдик;

· социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин, штаттык саны 3.3 миң бирдик;

· мамлекеттик жарандык кызматчылардын 210% чейин, штаттык саны 17.9 миң бирдик;

· муниципалдык кызматчылардын 253% чейин, штаттык саны 10.3 миң бирдик;

· мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 212% чейин, штаттык саны 11.6 миң бирдик;

· техникалык тейлөөчү персоналдын 178% чейин, штаттык саны 5 миң бирдик;

· кенже тейлөөчү персоналдын 172% чейин, штаттык саны 6.8 миң бирдик;

· бош жалданган жана жарандык персоналдын 169% чейин, штаттык саны 6.2 миң бирдик.

Жылдык керектөө 10 млрд сомдон жогору түздү, 2022-жылдын 1-октябрнан баштап 3,0 млрд. сомдун тегерегин түздү.

Баткен областындагы кызмат үчүн үстөктөрдү эсепке албагандагы эмгек акынын орточо өсүшү:

· укук коргоо органдарынын кызматчылардын 210% га чейин;

· аскер кызматчылардын 240% га чейин.