2023-жылы айлык акыларга бюджеттен 122.2 млрд сом бөлүнгөн

2023-жылы айлык акыларга бюджеттен 122.2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, 2020-жылы 61.8 млрд сом бөлүнгөн, 2021-жылы – 65.2 млрд сом, 2022-жылы – 95.3 млрд сом.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

·      билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин, штаттык саны 169.8 миң бирдик;

·      медициналык кызматкерлерине 150% чейин, штаттык саны 85 миң бирдик;

·      маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% тегерегинде, шаттык саны болжол менен 17.3 миң бирдик;

·      социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин, штаттык саны 3.3 миң бирдик;

·      мамлекеттик жарандык кызматчылардын 210% чейин, штаттык саны 17.9 миң бирдик;

·      муниципалдык кызматчылардын 253% чейин, штаттык саны 10.3 миң бирдик;

·      мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 212% чейин, штаттык саны 11.6 миң бирдик;

·      техникалык тейлөөчү персоналдын 178% чейин, штаттык саны 5 миң бирдик;

·      кенже тейлөөчү персоналдын 172% чейин, штаттык саны 6.8 миң бирдик;

·      бош жалданган жана жарандык персоналдын 169% чейин, штаттык саны 6.2 миң бирдик.

Жылдык керектөө 10 млрд сомдон жогору түздү, 2022-жылдын 1-октябрнан баштап 3,0 млрд. сомдун тегерегин түздү.

Баткен областындагы кызмат үчүн үстөктөрдү эсепке албагандагы эмгек акынын орточо өсүшү:

·      укук коргоо органдарынын кызматчылардын 210% га чейин;

·      аскер кызматчылардын 240% га чейин.