2023-жылы Чүй облусунда дүң өндүрүм 146.4 млрд сомду түзгөн

2023-жылы Чүй облусунда дүң өндүрүм 146 млрд 415 млн сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу өсүш 11.1% болду. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Облустун аймактык дүң өндүрүмүнүн республиканын ички дүң өндүрүмүндөгү үлүшү 14.3%ды түзөт.

Жергиликтүү бюджетке 3 млрд 333 млн 673 миң сом жыйналып, аткарылыш 13.1%ды түзүп, план 386 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Өнөр-жай тармагында 217 млрд 927 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырганда физикалык көлөмдүн индекси 21.9% түздү, же болбосо продукция 34 млрд сомго көп өндүрүлдү.

Отчеттук мезгилде облустун өнөр-жай өндүрүшүнүн республиканын жалпы көлөмүнө карата продукциясынын салыштырмалуу салмагы 45%ды түздү, же болбосо былтыркы жылга салыштырмалуу үлүш 2%га өстү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн көбөйүшү текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим тигүүнүн – 39.7%га, фармацевтикалык продукциянын – 1.6 эсеге, резина жана пластмасса өндүрүүнүн – 2.2 эсеге, жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүү – 31.5%га өскөндүгүнө байланыштуу болду.