> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АРИС менен Дүйнөлүк банк Оштун туризм тармагынын жөндөмдүүлүгү жогорулатууга көмөктөшөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/24/aris-mienien-duinoluk-bank-oshtun-turizm-tarmaghynyn-zhondomduulughu-zhoghorulatuugha-komoktoshot/
- Published: 2024-01-24T04:05:27.000Z
- Updated: 2024-01-24T04:05:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ошто КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган туризм өкүлдөрүнүн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча программасынын алкагында аталган тармакта адистерди даярдоо максатында жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.**

Жыйынга Ош шаарынын мэриясынын, «Дестинация-Ош» туризм ассоциациясынын, Ош шаарынын жана Ош облусунун туризм тармагынын мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү, жаштар катышып, туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, турлардын географиясын кеңейтүү жана жагымдуу, жөндөмдүү туристтик продукцияны түзүү боюнча ой-пикирлери жана сунуштары менен бөлүшүштү.

Ошондой эле, Ош шаарында жана Ош облусунда туризм секторундагы ишканалардын жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу программасынын бет ачары болуп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу жолдору талкууланды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/421942852_715798490739051_4424542298632259173_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/422118183_715798667405700_7462148718600458013_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/422287508_715799310738969_4403610366465557994_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/422298998_715799727405594_8221882090470945006_n.jpg)