Кыргызстан менен Кытай мал чарба багытында кызматташат

2024-жылдын 15-январынан 19-январына чейин Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары М.А. Алияскаровдун катышуусунда Пекинде айыл чарба жана мал чарбасы тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелер талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

М. Алияскаров өз сөзүндө Кытай менен айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн артыкчылыктары катары айыл чарбасына инновациялык ыкмалар, сууну туруктуу пайдалануу жана мал чарбачылыгынын заманбап ыкмалары сыяктуу негизги аспектилерди белгиледи.

Кыргызстандын аймагында алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап лабораторияны куруу маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрдин орун басары мындай инфраструктуралык долбоорлордун улуттук экономиканы чыңдоо жана айыл чарба тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт азыктарын импорттоо жана экспорттоо маселелери талкууланды. Тараптар сооданы оптималдаштыруу жана айыл чарба рыногунун туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча пикир алмашышты.
Министрдин орун басары бул жолугушуулар Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы катары билдирди.