Өкмөт кайра иштетүү жана экспорт багыттары боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылы ишке аша турган 100 ири долбоорлордун алкагында айыл чарба тармагында аткарыла турган иштерге токтолду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 2024-жылга карата суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу жана экспортту жогорулатуу боюнча негизги төрт багыттын айланасында план түзүлдү.

«Биз чакан суу сактагычтарды (БДР, БСР) курабыз. Анын жанына тамчылатып сугарууну киргизебиз. Ал жерден дыйкандар өзүнүн айдоо аянтына суу алат. Биз алгач дыйкандардан эмне эгээрин сурайбыз. Андан соң ошол жерге кайра иштетүү киргизилип, андан кийин экспортко чыгууну көздөйбүз. Анын баары банктын коштоосунда болот. Ар бир кыймылын банк көзөмөлдөп, ар бир тыйынына чейин карап чыгат. Мына ошондо ал долбоорлордун айланасында окумуштуулар керек болот. Ошол себептүү ректорлорго ар бир долбоорго катышып сунуш берүүгө чакырам», - деди Бакыт Төрөбаев.