Салык кызматы 2023-жылы 249.4 млрд сом чогултту

Салык кызматы 2023-жылы 249 млрд 403.9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Белгиленген план 3 млрд сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41.3 млрд сомго көп жыйналды.

Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 млрд 16.5 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387.4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү максаттарга жетүүдө жана пландык көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылышында негизги ролду ойноду.