> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соцфонддун үч жылдык планынын бюджети бекитилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/24/sotsfonddun-uch-zhyldyk-planynyn-biudzhieti-biekitildi/
- Published: 2024-01-24T06:50:47.000Z
- Updated: 2024-01-24T06:50:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров “КРнын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.**

Мыйзам 2023-жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты КРнын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укугун камсыздоо болуп саналат.

Мыйзамда Соцфондунун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106.0 млрд сом суммасында жана чыгашалар боюнча 105.3 млрд сом суммасында бекитилери каралган.

Мында мекеменин 2024-жылга бюджетинин профицити 1.6 млрд сом суммасында белгиленүүдө.

Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.