> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Белгоспищепром» концернине Кыргызстандан мөмө-жемиштерди экспорттоо сунушталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/26/bielghospishchieprom-kontsierninie-kyrghyzstandan-momo-zhiemishtierdi-eksporttoo-sunushtaldy/
- Published: 2024-01-26T10:15:43.000Z
- Updated: 2024-01-26T10:15:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Беларустун кондитердик ишканаларына кайра иштетүү үчүн Кыргызстандан мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды. Бул тууралуу КРнын Беларустагы элчилиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, сунушту Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев «Белгоспищепром» концернинин төрагасы Олег Жидков менен болгон жолугушууда айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн рынокторуна айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш өнөр жай продукцияларын өз ара жеткирүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Тараптар ошондой эле тамак-аш өнөр жайы, алкоголдук жана тамеки продукцияларын өндүрүү боюнча кызматташуу ниетин билдиришти.