«Белгоспищепром» концернине Кыргызстандан мөмө-жемиштерди экспорттоо сунушталды

Беларустун кондитердик ишканаларына кайра иштетүү үчүн Кыргызстандан мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды. Бул тууралуу КРнын Беларустагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сунушту Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев «Белгоспищепром» концернинин төрагасы Олег Жидков менен болгон жолугушууда айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн рынокторуна айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш өнөр жай продукцияларын өз ара жеткирүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Тараптар ошондой эле тамак-аш өнөр жайы, алкоголдук жана тамеки продукцияларын өндүрүү боюнча кызматташуу ниетин билдиришти.