2024-жылы фермерлер 7 млрд сомго каржыланат

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында минкабдын 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен долбоор кабыл алынды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик 2 коммерциялык банкы катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 7 млрд сомду түздү.

Долбоордун алкагында 2 багыт боюнча насыя каралган, ал «мал чарбасы» жана «өсүмдүк өстүрүү» категориясы.