> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт салык тармагын санариптештирүү ишин күчөтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/30/okmot-salyk-tarmaghyn-sanariptieshtiruu-ishin-kuchotot/
- Published: 2024-01-30T05:47:15.000Z
- Updated: 2024-01-30T05:47:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Салык кызматында жумушчу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.** 

Отурумда салыктык башкарууну санариптештирүү маселеси каралды. Анда Жапаров жалпы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлүшү үчүн салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөөрүн билдирди. 

> «Азыр 21-кылым, заманбап технологиянын заманы. Салыкты көзөмөлдөгөн ар бир тиркеме 7/24 иштеп турушу керек. Программалар оор күч келди деп, токтоп калуу деген болбосун. Алдыңкы делген IT кызматкерлерин салык тармагынын ишине тартыңыздар», – деди Акылбек Жапаров. 

Жыйында салыктык башкарууну санариптештирүүгө багытталган иштерди жогорулатуу үчүн атайын каражат бөлүнөөрү айтылды. Ошондой эле, бардык базарлар жана коомдук транспорттор үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата жеткиликтүү деңгээлде санариптештирилет.