Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк 2024-жылдын 29-январында эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу КРУБ билдирди.  

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда инфляциялык процесстердин басаңдоо арымы сакталып турат. 2023-жылдын декабрында жылдык инфляция көрсөткүчү 7.3%ды, ал эми 2024жылдын январында – 5.9%ды түздү. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын өсүш арымынын жылдык мааниде 2022-жылдын декабрындагы 15.8%дан 2024-жылдын январында 1.9%га чейин туруктуу арымда басаңдагандыгы белгиленген.

Ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар кыйла жай арымда басаңдап, айрым товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүнө карата тарифтик саясатты кайра караштыруу боюнча административдик чаралардын таасирин чагылдырган.  

Тышкы чөйрөдө орун алып турган шарттар КРдагы инфляциялык процесстерге карата негизги факторлор катары сакталып турат жана алардын орун алышы базалык инфляциянын максаттуу деңгээлге кыйла жай арымда кайтып жаткандыгын тастыктоодо. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунун баа коньюнктурасы ар тараптуу сакталып турат: азык-түлүккө дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөөдө, ал эми глобалдуу мунай жана алтын рынокторунда баалардын өзгөрүп турушу сакталууда.

Мындай шарттарда базалык инфляциянын, ошондой эле калктын жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүнүн мындан аркы төмөндөшү 2024жыл ичинде акча-кредит саясатын иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө негизги артыкчылык болуп саналат.  

Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2024-жылдын 26-февралында өтөт.