> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2024-жылдын январында 593.4 млн сомго техника лизингге берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/31/2024-zhyldyn-ianvarynda-593-4-mln-somgho-tiekhnika-lizinghghie-bierildi/
- Published: 2024-01-31T06:04:32.000Z
- Updated: 2024-01-31T06:04:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 миллион сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААК аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9 % менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө.

Эске салсак, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, жалпы 13,7 млрд. сомго 6617 даана техника берилген.