Бажыда 1 миңден ашык мыйзамсыз легалдаштырылган унаа аныкталды

Бажы кызматы УКМК менен биргеликте «Унаа» МИ аркылуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден жасалма мамлекеттик каттоо номуру алынып келинген 15 448 даана көлөмдөгү автотранспорт каражаттарынын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда 15 448 унаанын ичинен 1000ден ашык автотранспорт каражатына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин каттоо органдарында бажы операцияларынын жана аларды алгачкы каттоонун жоктугун ырасталган.

Калган унаалар боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынан жооптор күтүлүүдө.

Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмүн тактоо иштери жүрүп жатат.