> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы Ысык–Көл облусу 1.34 млрд сомго каржыланган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/05/2023-zhyly-ysyk-kol-oblusu-1-34-mlrd-somgho-karzhylanghan/
- Published: 2024-02-05T08:20:53.000Z
- Updated: 2024-02-05T08:20:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ыссык-Көл облусу боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1.2 млрд сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Бөлүнгөн каражаттын ичинен:

· теңдөөчү трансферт – 271 млн сом;

· электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 26.6 млн сом;

· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 31.7 млн сом;

· башкы план – 26.8 млн сом.

· жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41.3 млн сом;

· бирдиктүү салык компенсациясына – 91 млн сом;

· каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685 млн сом;

· түп районунун айыл өкмөттөрүнө -50 млн сом.

Мындан тышкары, Ыссык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 117.1 млн сом бөлүнүп берилди.