2023-жылы Ысык–Көл облусу 1.34 млрд сомго каржыланган

Ыссык-Көл облусу боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1.2 млрд сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бөлүнгөн каражаттын ичинен:

·      теңдөөчү трансферт – 271 млн сом;

·      электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 26.6 млн сом;

·      айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 31.7 млн сом;

·      башкы план – 26.8 млн сом.

·      жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41.3 млн сом;

·      бирдиктүү салык компенсациясына – 91 млн сом;

·      каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685 млн сом;

·      түп районунун айыл өкмөттөрүнө -50 млн сом.

Мындан тышкары, Ыссык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 117.1 млн сом бөлүнүп берилди.