> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы Жалал-Абад облусу 2.8 млрд сомго каржыланган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/05/2023-zhyly-zhalal-abad-oblusu-2-8-mlrd-somgho-karzhylanghan/
- Published: 2024-02-05T09:30:04.000Z
- Updated: 2024-02-05T09:30:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 2 млрд 638.9 млн сом өлчөмүндө каржыланган.**

Такталгандай, бөлүнгөн каражаттын ичинен:

· теңдөөчү трансферт – 558.7 млн сом;

· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 57 млн сом;

· калктуу конуштардын башкы планын түзүүгө – 69 млн сом;

· «Жалал-Абад шаарынын өнүктүрүү боюнча» – 1.7 млрд сом;

· электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 20.5 млн сом;

· жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 44.3 млн сом;

· бирдиктүү салык компенсациясына – 143.9 млн сом;

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 191.7 млн сом бөлүнүп берилди.