2023-жылы Жалал-Абад облусу 2.8 млрд сомго каржыланган

Жалал-Абад облусу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 2 млрд 638.9 млн сом өлчөмүндө каржыланган.

Такталгандай, бөлүнгөн каражаттын ичинен:

·      теңдөөчү трансферт – 558.7 млн сом;

·      айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 57 млн сом;

·      калктуу конуштардын башкы планын түзүүгө – 69 млн сом;

·      «Жалал-Абад шаарынын өнүктүрүү боюнча» – 1.7 млрд сом;

·      электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 20.5 млн сом;

·      жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 44.3 млн сом;

·      бирдиктүү салык компенсациясына – 143.9 млн сом;

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 191.7 млн сом бөлүнүп берилди.