Япониялык JETRO Кыргызстан менен инвестициялык кызматташууну күчөтүүгө даяр

2024-жылдын 31-январында Токио шаарында КРнын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев менен Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) вице-президенти Наоюки Маекава мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен Япониянын ортосундагы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү чөйрөсүндө кызматташуу динамикасынын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти жана төмөнкү маселелер талкууланды: 

·      КРнын JETRO менен кызматташтыгы, президенти Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагындагы 2023-жылдын 20-ноябрында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башчысы Норихико Исигуро мырза менен жолугушуусунун жыйынтыктары;

·      КРнын япон компаниялары менен инвестициялык жана технологиялык кызматташтыгын кеңейтүү, кичи жана орто бизнес үчүн япон жабдууларын/технологияларын КРнын рыногуна тартууга көмөктөшүү (көргөзмөлөрдү, форумдарды ж.б. уюштуруу);

·      КРнын экономикасынын түрдүү тармактарында биргелешкен кыргыз-япон ишканаларын түзүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду алдыга жылдыруу. 

JETROнун вице-президенти Наоюки Маекава JETRO компаниясынын ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары тууралуу кыскача маалымат берип, жогоруда айтылган кыргыз тараптын сунушу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкекте JETRO кеңсесинин ачылышы JETROнун эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасындагы изилдөөлөр аркылуу изилденип жатканын кошумчалады.