> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы МИК 4.2 млрд сомго каржыланган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/06/2023-zhyly-mik-4-2-mlrd-somgho-karzhylanghan/
- Published: 2024-02-06T07:18:06.000Z
- Updated: 2024-02-06T07:18:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасын ишке ашырууга жана «МИК» ААКтын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2023-жылы бюджеттен 4 млрд 260.8 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, каражаттар төмөнкүлөргө багытталган:

· Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу биринчи транш менен 500 млн сом;

· Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу экинчи траншка 469 млн сом;

· уставдык капиталды көбөйтүүгө 2.2 млрд сом. Бул каражаттар турак жайларды курууга жумшалды – Скрябина көчөсү, 45 дарегиндеги 15 кабаттуу үй, Айтматов көчөсү 102/1 18 кабаттуу үй, Маликова көчөсү 91 (ТК-47) 28, 24, 18 кабаттуу үйлөр;

· «МИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө КР Президентинин Фондунан 75 млн сом;

· Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлерине турак жай сатып алуу үчүн (КР Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 181-т);

· Жалал-Абад шаарында турак жай комплексин курууга (КР Президентинин 2023-жылдын 16- ноябрындагы жана 29-декабрындагы No 222-т) «ГИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө Стабилдештирүү фондунан 1 млрд сом;

· мындан тышкары, коомдун уставдык капиталына салым катары 1 млрд сом суммасында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр которулган. Анын ичинен: 1 млрд сом суммасында кыймылсыз мүлк (квартиралар, жер участоктору), 2.9 млн сом суммасында кыймылдуу мүлк (электромобиль).

Белгилей кетсек, «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020», «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасы ишке ашырылгандан бери 8868 адамга 14 млрд 625.9 млн сом ипотекалык насыя.