2023-жылы МИК 4.2 млрд сомго каржыланган

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасын ишке ашырууга жана «МИК» ААКтын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2023-жылы бюджеттен 4 млрд 260.8 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, каражаттар төмөнкүлөргө багытталган:

·      Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу биринчи транш менен 500 млн сом;

·      Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу экинчи траншка 469 млн сом;

·      уставдык капиталды көбөйтүүгө 2.2 млрд сом. Бул каражаттар турак жайларды курууга жумшалды – Скрябина көчөсү, 45 дарегиндеги 15 кабаттуу үй, Айтматов көчөсү 102/1 18 кабаттуу үй, Маликова көчөсү 91 (ТК-47) 28, 24, 18 кабаттуу үйлөр;

·      «МИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө КР Президентинин Фондунан 75 млн сом;

·      Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлерине турак жай сатып алуу үчүн (КР Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 181-т);

·      Жалал-Абад шаарында турак жай комплексин курууга (КР Президентинин 2023-жылдын 16- ноябрындагы жана 29-декабрындагы No 222-т) «ГИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө Стабилдештирүү фондунан 1 млрд сом;

·      мындан тышкары, коомдун уставдык капиталына салым катары 1 млрд сом суммасында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр которулган. Анын ичинен: 1 млрд сом суммасында кыймылсыз мүлк (квартиралар, жер участоктору), 2.9 млн сом суммасында кыймылдуу мүлк (электромобиль).

Белгилей кетсек, «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020», «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасы ишке ашырылгандан бери 8868 адамга 14 млрд 625.9 млн сом ипотекалык насыя.