> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир айдын ичинде Соцфонд инвестициялоодон 401.5 млн сом киреше тапты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/06/bir-aidyn-ichindie-sotsfond-inviestitsiialoodon-401-5-mln-som-kirieshie-tapty/
- Published: 2024-02-06T04:55:44.000Z
- Updated: 2024-02-06T04:55:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Социалдык фонд 2024-жылдын январь айында мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14.95 – 16.20% жылдык кирешелүүлүгү менен 1 млрд сом инвестициялаган. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 170 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13.3% - 17.2% болгон.

2024-жылдын январь айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

· жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 381.4 млн сом;

· депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 19.7 млн сом;

· МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 400 миң сом.

Бардыгы болуп 2024-жылдын январь айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 401.5 млн сом киреше алынган.