Бир айдын ичинде Соцфонд инвестициялоодон 401.5 млн сом киреше тапты

Социалдык фонд 2024-жылдын январь айында мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14.95 – 16.20% жылдык кирешелүүлүгү менен 1 млрд сом инвестициялаган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 170 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13.3% - 17.2% болгон.

2024-жылдын январь айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

·      жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 381.4 млн сом;

·      депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 19.7 млн сом;

·      МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 400 миң сом.

Бардыгы болуп 2024-жылдын январь айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 401.5 млн сом киреше алынган.