> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусу 2023-жылы 959.2 млн сомго каржыланган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/06/naryn-oblusu-2023-zhyly-959-2-mln-somgho-karzhylanghan/
- Published: 2024-02-06T07:45:22.000Z
- Updated: 2024-02-06T07:45:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Нарын облусу 2023-жылы 959.2 млн сомго каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, каражаттар төмөнкү беренелер боюнча бөлүштүрүлгөн:

· теңдөөчү трансферт – 478.9 млн сом;

· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 35.7 млн сом;

· электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 45 млн сом;

· жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 16.4 млн сом;

· бирдиктүү салык компенсациясына – 19.9 млн сом.

Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 93.3 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, административдик реформаны ишке ашырырууга республикалык бюджетен ар бир жаны түзүлгөн айыл аймака 10 млн сомдон, жалпысы 270 млн сом республикалык бюджеттен болүнүп берилди.