Нарын облусу 2023-жылы 959.2 млн сомго каржыланган
Нарын облусу 2023-жылы 959.2 млн сомго каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, каражаттар төмөнкү беренелер боюнча бөлүштүрүлгөн:
· теңдөөчү трансферт – 478.9 млн сом;
· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 35.7 млн сом;
· электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 45 млн сом;
· жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 16.4 млн сом;
· бирдиктүү салык компенсациясына – 19.9 млн сом.
Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 93.3 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, административдик реформаны ишке ашырырууга республикалык бюджетен ар бир жаны түзүлгөн айыл аймака 10 млн сомдон, жалпысы 270 млн сом республикалык бюджеттен болүнүп берилди.