> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлер 4 эсеге көбөйдү – Салык кызматы
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/06/uch-zhyldyn-ichindie-kkm-koldonghon-ishkierlier-4-esieghie-koboidu-salyk-kyzmaty/
- Published: 2024-02-06T04:00:40.000Z
- Updated: 2024-02-06T04:00:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө өлкөдө 75 миң 695 контролдук-кассалык машина ийгиликтүү колдонулууда. Бул сан 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.**

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча ККМди киргизүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө.

ККМдин 33 моделин камтыган реестр түзүлүп, 26 техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

Бул чаралардын алкагында ККМге болгон базар бааларын төмөндөтүү жана ишкерлерге бөлүп төлөө аркылуу ККМди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.