«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору 17 млрд сомго каржыланды

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору 17 млрд сомго каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Такталгандай, «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү, анын ичинен:

·      «Айыл Банк» ААК – 11.1 млрд сом;

·      «РСК Банк» ААК – 5.9 млрд сом.

Бул каражаттар банктарга айыл чарба ишкерлерине жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет.