Баткен облусу 2023-жылы 1 млрд сомго каржыланган

Бюджеттер аралык трасферттер Баткен облусу 2023-жылы 1 млрд сомго каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каражаттар төмөнкүдөй бөлүнгөн:

·      теңдөөчү трансферт – 328.4 млн сом;

·      айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 32.1 млн сом;

·      электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 45.4 млн сом;

·      жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13.6 млн сом;

·      бирдиктүү салык компенсациясына – 50.1 млн сом.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен – 14.9 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, мамлекеттик программасына 500 млн сом, компенсация 39 млн сом каржыланды.