Кореялык KRC жашылча-жемиштерди экспорттоого көмөктөшөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары М.С. Раматов Кореянын айылдык коомчулук корпорациясынын (KRC) президенти Ли Бён Хо мырза баштаган корей делегациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Тараптар айыл чарба тармагында жашылча өндүрүү контекстинде кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жашылча-жемиштерди коңшу өлкөлөргө экспорттоонун жаңы келечегин ачат.

Мындан тышкары, айыл чарбасын жана балык чарбасын суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны жакшыртуу жана коомчулуктун деңгээлинде айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү жана жемиштүү деп бааланып, тараптар талкууланган долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.