> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2024-жылы Жаратылыш ресурстар министрлигине 2 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/08/2024-zhyly-zharatylysh-riesurstar-ministrlighinie-2-mlrd-som-bolunot/
- Published: 2024-02-08T05:07:36.000Z
- Updated: 2024-02-08T05:07:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 2024-жылга 1 млрд сом суммасында каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Мындан тышкары, геологиялык чалгындоо иштерине 2024-жылга 1 млрд сом бөлүп берүү пландалууда. 2024-жылга Министрликтин жалпы чыгымы 2 млрд сомдон ашат.

2023-жылдын такталган бюджети 1.2 млрд сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 265.4 млн сомго ашыгы менен каралган.

2023-жылдын жыйынтыгы менен 1 млрд сом өздөштүрүлдү.

30 млн сом илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларына, сейрек кездешүүчү металлдарды жана запастарды камтыган калдык сактоочу жайларда коопсуз кармоого кошумча каражат бөлүндү.