2024-жылы Жаратылыш ресурстар министрлигине 2 млрд сом бөлүнөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 2024-жылга 1 млрд сом суммасында каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, геологиялык чалгындоо иштерине 2024-жылга 1 млрд сом бөлүп берүү пландалууда. 2024-жылга Министрликтин жалпы чыгымы 2 млрд сомдон ашат.

2023-жылдын такталган бюджети 1.2 млрд сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 265.4 млн сомго ашыгы менен каралган.

2023-жылдын жыйынтыгы менен 1 млрд сом өздөштүрүлдү.

30 млн сом илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларына, сейрек кездешүүчү металлдарды жана запастарды камтыган калдык сактоочу жайларда коопсуз кармоого кошумча  каражат бөлүндү.