ЭЭФ колдонгон ишкерлер жыл ичинде 94.3 миңди түздү

Акыркы жылы электрондук эсеп-фактураларды колдонгон ишкерлердин саны 65 миңге көбөйүп, учурда 94.3 миң субъектти түздү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

2023-жылы ишкерлер жалпы суммасы 1.7 трлн сомго 19.6 млн электрондук эсеп-фактура жазып беришкен.

Жалпысынан ЭЭФ киргизилген учурдан – 2020-жылдын 1-июлунан тартып 5.1 трлн сомго 40.7 млн документ жазылып берилген.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр жана 2023-жылдын 1-майынан тартып жеке ишкерлер милдеттүү түрдө колдонушууда.

ЭЭФтин иштөөсүнүн аркасында КНС боюнча түшүүлөр көбөйүп, система бизнести көмүскөдөн чыгаруунун натыйжалуу куралы болуп калды.