2024-жылдын январында экономиканын өсүшү 7.4% түздү

Ички дүң продукт 2024-жылдын январында алдын ала баалоолор боюнча 73.2 млрд сомду түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу 7.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Такталгандай, өнөр жай продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январында 37.6 млрд сомду түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин (1.8 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (46.6%га), негизги металлдардын (35.3%га), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (25.6%га), тазаланган мунай продуктуларынын (17.8%га), фармацевтикалык продукциялардын (17.6%га),ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын, ошондой эле химиялык продукциялардын (17.3%га) өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 16.5%га көбөйдү.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 23.6%ды, дүң жана чекене соодада 22.8%ды, ошондой эле айыл чарбасында 1.4%ды түздү, керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 0.2%ды түздү. Мында тамак – аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 0.4%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 0.7%га баалардын жогорулашы белгиленди, ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер өткөн айдын деңгээлинде сакталды.

Үстүбүздөгү жылдын январында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (Жалал-Абад облусунан тышкары, мында 0.2%га төмөндөө байкалган) республиканын бардык региондорунда белгиленди. Баалардын максималдуу өсүшү (0.4%га) Баткен жана Талас облустарында катталды.