Кыргызстан түркиялык «ОСТИМге» IT-адистерди биргеликте даярдоону сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкарада «ОСТИМ» биргелешкен өнөр жай аймагынын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушууда Акылбек Жапаров энергетика жана IT-технология тармактарында адистерди биргеликте даярдоо сунушун киргизди.

Ошондой эле чакан жана орто ишканалардын ишмердүүлүгү тууралуу презентация берилди. Маалыматка ылайык «ОСТИМ» биргелешкен өнөр жай аймагы 5 млн чарчы метр аянтты ээлейт. Мында 6.5 миң чакан жана орто өнөр жай ишканалары жайгашып, анда 65 миң адам эмгектенет. Алар коргонуу, авиация, медицина, курулуш, энергетика жана маалымат технологиялары сыяктуу 139 багытта иш алып барат.

Акылбек Жапаров Кыргызстан «ОСТИМ» өнөр жай аймагынын тажрыйбаларын алууга жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсүнө өлкөдө бардык инфраструктура даяр экенин билдирди.